Белгилүү футболчу Антон Землянухин "Биримдик" футзал клубунда ойнойт

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын белгилүү чабуулчусу Антон Землянухин Сокулуктун "Биримдик" футзал клубунда ойнойт. Бул тууралуу аталган футзал клубунун расмий баракчасына жарыяланды.

16-январда бишкектик "Дордой" футболдук клубу Антон Землянухин, Эдгар Бернхардт жана Федор Шереметов менен келишим бүткөндүгүн жарыялаган.

Антон Землянухин "Дордой" клубунда жалпы 23 оюнга катышып, 5 гол киргизген. Ал эми "Ак Шумкарлардын" катарында 32 жаштагы футболчу 29 беттешке катышып, 13 гол киргизүүгө жетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан