Белгилүү орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын жаңы иликтөөсү жарык көрдү. Аталган иликтөөдө Навальный орусиянын президенти Владимир Путинге таандык болгон хан сарай тууралуу айтып берген.
Аталган иликтөө 19-январда жарык көргөн болсо, азыркы саатка аны 14 миллион 994 миң 715 адам көрүп койгон.
Айта кетскек 17-январь күнү Орусиянын Федералдык кызматы тарабынан изделип жаткан Навальный Германиядан Орусияга кайтып келгенде аэропортто кармалган.