UFC уюмунун атактуу ирландиялык мушкери Конор Макгрегор менен уюмдун чемпиону Хабиб Нурмагомедов Абу-Даби шаарындагы мейманканада бир нече секунд бири-бирин карашып өтүп кетишти. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, учурда эки мушкер тең Абу-Даби шаарында жүрүшөт. Мушкерлер бири-бири менен мейманканада бир нече секунд гана тиктешип өтүп кетишкен.
Абу-Даби шаарында бүгүн, 20-январдан 21-январга караган түнү "UFC Fight Island 8" турнири өтөт. Бул турнирден Хабиб Нурмагомедовдун иниси Умар Нурмагомедов казакстандык мушкерге каршы беттешет.
Ал эми, 24-январда ушул эле шаарда "UFC 257" турнири өтөт. Бул турнирде Конор Макгрегор америкалык мушкер Дастин Порьеге каршы беттешке чыгат.
2018-жылы өткөн "UFC 229" турниринде элдешкис эки мушкер кез келип, анда Хабиб Конор Макгрегорду муунтуу ыкмасы менен утуп алган.