Ооганстанда унаалар үчүн 39 саны бар номурларды каттоого тыюу салынды. Эмнеге?

Ооганстанда унааларга 39 санындагы мамлекеттик номурларды сатууга жана каттоого расмий түрдө тыюу салынды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Ооганстанда унааларга 39 санындагы мамлекеттик номурларды сатууга жана каттоого расмий түрдө тыюу салган мыйзамды өлкөнүн биринчи вице-президенти Амрулла Салех жарыялаган. Анын айтымында, 39 деген сан "сутенёр" дегенди билдиргендиктен, көптөгөн адамдар берилген номурларды каттоодон баш тартышкан. Ошондой эле башка номурга алмашуу үчүн ири суммага чейин пара беришкен. Өткөн жылы берилген паранын суммасы 300 долларга чейин жеткен.

Оогандыктар чиновниктер менен полиция кызматкерлерине пара берип, миллиард долларга жакын чыгымга учурагандыгы жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kari
2021-01-20 13:23:01
39 саны эми бизде популяр болуп кетпесе
+3
nazira...
2021-01-20 14:24:38
99ду жаман дешчи эле, 39 дагы бар турбайбы. 13тү да айтып калышат го орустар, бирок неге экенин билбейм.
+2
Omyrova
2021-01-20 16:48:13
Бизде 61деген сан неудачный...Менин Апам да 61жашында каза болду.Жаман кордум
0
almanbetperm
2021-01-21 09:40:22
Omyrova,чон атам 80 инде каза болгон, эми ошого 80 неудачныйбы?
0
algakaray
2021-01-20 21:32:46
Цифрада эмне куноо. Кытай, япондор да торт деген цифраны жаман корушот, анткени торт деген сан "олум" дегенди тушундурот
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан