"Ювентус" футболдук клубунун португалиялык атактуу чабуулчусу Криштиану Роналду өзү ойноп кеткен "Реал Мадрид" футболдук клубунун президенти Флорентина Перес менен жолугушту. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, футбол жылдызы менен "Реал Мадриддин" президенти Турин шаарындагы "Ювентус" клубунун спорттук базасында жолугушкан. Тараптар жолугушууда эмнени талкуулашканы азырынча белгисиз.
Криштиану Роналду "Реал Мадрид" клубунан "Ювентус" клубуна 2018-жылы 117 миллион еврого өткөн. Футболчунун клуб менен келишими 2022-жылдын жай айына чейин күчүндө болот.