Ырчы Анжелика "бай күйөө таап алыптыр, бриллиант шакегине, унаасына, үйүнө мактанып калыптыр" деп сөз кылгандарга кайрылды. Ырчы муну түздөн-түз көрө албастык деп билерин социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

“Бриллиант шакегине, үйүнө, унаасына мактанган жашоо болуп калыптыр” деп асмандан түшкөнсүп, кээ бирлер сөз кылышат. Түздөн-түз көрө албастык. Ийгиликке өз күчү менен жеткендер антип айтпайт! Жетпей туруп сасык дегендер ошондой болот. Шылтоо айтып “бай күйөө тааптыр” дешет. Ар кимдин табити, жашоосу ар башка! Айрымдар жакшы жашоого умтулуп, кыялданып, ден-соолугуна карабай талпынып, жалкоолуктан арылса, кээ бирлери космоско учсам дейт. Анын эмнеси бар?
Белгилүү болсоңор, оорусаңар да жылмайып иштеп, тобокелдикке барып, өзүңөргө күч берип, тытынып иштесеңер - баарын сатып деле аласыңар! Жашоо силердики болот. Бир нерсени түшүнбөй же бирөөдөн көз каранды болсоңор өскүлө! Жаман сүйлөп, шылтоо айтып бир орунда турбагыла! Акылдуу сезгендердин сөзүнө эмес, басып өткөн жолуна карайлы", - деген ал.
Ошондой эле айтылып жаткан сын-пикирлердин арасында "өлкөнүн эгемендүүлүк алган күнүн билбеген адамдан акыл сурап калдыңарбы" деген кептер дагы бар экенин кошумчалай кетти.
"Эгемендүүлүктү билбегенден акыл сурап калдыңарбы деген имиш. Кээде билип туруп, керек болсо балдарыңдын атын алмаштырып айтып аласың. Андай хайптар үчүн кечирим сурашып бүткөнбүз. Мынча эле жармашып калгандарды түшүнбөйм. Башкаларды дагы сүйүндүрүп талкуулап, күнөөлөрүн азайтып турсаңар. Мен эми башка Анжеликамын. Үйрөнгөнүм өзүм үчүн, кылганым сиздер үчүн! Чалынсам, үйрөнөм! Күндө аракеттенем! Айтам, жазам. Өзүмө-өзүм колдоо көрсөтүп, аман болсом катталуучуларымдын оюн түздөйм.
Өзүн акылдуу сезгендер кооз сүйлөшөт. Өздөрүнүн башындагы чөптү карап коюшса... Мен силер жөнүндө эмне деген сөздөр айтылып жатканын айтчу болсом майдаланып, сынасыңар!".