Улуу Британияда 28 жаштагы модель эркектерди жек көргөнүнөн улам полиция кызматкерине кол салды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.
Анда жазылгандай, Кейли Лоус аттуу модель кыз кармалган учурда мас абалда болгон. Ал полиция кызматкеринин таалуу жерине тизеси менен тээп, ага эркектердин жакын болуусун каалабай турганын айткан.
"Кейли Лоус ал күнү автоунаалар жарышы коштолуп өткөн кечеге барган. Анда модель өзүнүн курбусу менен чогуу мас абалында унаага отуруп, аны айдап баштаган. Полиция кызматкерлери анын унаа айдоодогу адаттан тыш жоруктарын көрүп, унааны токтотуп, андан баңгизатынын түрүнүн жыты бар деп шек санап, унаага тинтүү жүргүзүүнү чечишкен. Соңунда унаадан баңги зат табылган эмес, бирок модель абдан ачуулана баштаган. Ал жулкунуп, полиция кызматкерлеринин бетин сөөмөйү менен сайып, кармоого аракет кылган полициянын таалуу жерине тээп салган", - деп жазылат маалыматта.
Полиция кызматкерлери Кейли Лоустун кол салуусу боюнча арыз жазышкан. Лоустун жактоочусу болсо: "Аны кечеде көптөгөн эркектер зордуктоо аракетин көрүшкөн, мындан улам ал полициялардын жакындоосуна агрессия менен жооп берген", - деген.
Сот моделди 60 саатка коомдук жумушка тартуу жана жабырлануучуга компенсация төлөп берүүгө милдеттендирүү чечимин кабыл алган.