UFC уюмунун чемпиону, атактуу орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун машыктыруучусу Хавьер Мендес Хабиб Нурмагомдовду анын жакын досу Ислам Махачев жеңе аларын айтты. Бул тууралуу Мендес орусиялык басылмаларга берген маегинде айткан.
"Ислам абдан күчтүү. Мен экөөнү тең машыктырдым. Ислам Хабибге каршы тура алчу жалгыз мушкер. Ал UFC'де Хабибди жеңе ала турчу жалгыз мушкер", - деген Мендес.
Ислам Махачев Хабиб Нурмагомедовдун эң жакын досторунун бири. Ал UFC уюмунда беттештерге чыгып келет.
24-октябрда Абу-Даби шаарына жакын Яс аралында өткөн UFC 254 турниринде Хабиб Нурмагомедов америкалык мушкер Жастин Гэйтжини муунтуу ыкмасы менен утуп (29-0), карьерасын жыйынтыктап жатканын жар салган.