АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байдендин инаугурациясы Бишкек убактысы боюнча канчада башталат?

Бүгүн, 20-январда Вашингтон шаарында АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байдендин инаугурациясы болот. Учурда Вашингтон шаары инаугурацияга кызуу даярданып, ошол эле учурда коопсуздук чараларын күчөттү.

Инаугурация Бишкек убактысы боюнча канчада башталат? Жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:45те (Бишкек убактысы боюнча 19:45), Байден жубайы Жилл, жаңы шайланган вице-президент Камала Харрис жана анын күйөөсүнүн коштоосунда Вашингтондогу ыйык Матфея чиркөөсүндөгү салтанатка катышат;

Саат 10:30да (Бишкек - 21:30) Байден жана Харрис Вашингтондогу Капитолийге келишет. Ал жерде Харрис саат 11:15те ант берет;

Саат 12:00дө (Бишкек - 23:00) инаугурация аземинин алкагында Байден өзү ант берип, программалык кайрылуу жасайт;

Саат 13:40та (Бишкек - 00:40) Байден жана вице-президент Харрис чакан аскердик парадды көрүшөт;

Саат 14:25те (Бишкек - 01:25) Байден Арлингтон көрүстөнүндөгү белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар коёт;

Саат 15:15те (Бишкек - 02:15) аскердик салтанат менен Байден Ак үйгө чейин барат;

Саат 17:15те (Бишкек - 04:15) Байден бир катар аткаруучу буйруктарга кол коюп, жарым сааттан кийин дайындалган адамдарга ант берет;

Саат 20:48де (Бишкек - 07:48) Байден аялы жана Харрис күйөөсү менен майрамдык программага катышып, сөз сүйлөйт. Ал эми саат 21:55те (Бишкек - 08:55) Ак үйдүн балконуна эки үй-бүлө чогуу чыгышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
munarbek.92
2021-01-20 14:10:47
ото эле коп убакыт экен бизде болсо куболук алды болду бутотко ошону менен
+1
nazarnew
2021-01-20 14:14:42
Инаугурациясына Арстан Алай менен Соке катышат бекен.
-4
bond0202
2021-01-20 15:03:57
nazarnew,ооба,сен да барып кел
+4
NURSAPAR
2021-01-20 17:59:47
Чын жүрөктөн баары бир.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан