"Карышкырдын" кылмыштары, камактан чыкканы кайра кармалганы. Сизде жаралган суроолорго жооптор

Кылмыш дүйнөсүндө "Карышкыр" каймана аты менен таанымал Мурсалым Умырзаков 1975-жылы 6-апрелде Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Сары-Тологой айылында туулган.

Ал уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Мурсалым Умырзаков биринчи жолу 1998-жылы "каракчылык" фактысы менен 10 жылга эркинен ажыратылган.

2005-жылы "тоноо" фактысы менен 9 жылга эркинен ажыратылган.

2010-жылы уурулук фактысы менен 5 жылга соттолгон.

2012-жылы Нарын шаардык соту 1 жыл 5 ай убактысы калганда аны шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотуп, Бишкек шаарынын Ленин райондук жазык-аткаруу инспекциясына өткөрүп берген. Ал жакта Умырзаков жаза өтөө режимин бузгандыктан 2013-жылдын 22-майында ага издөө жарыяланып, ошол эле жылдын 15-ноябрында кармалган.

Интернетке тараган видеолорунда Умырзаков 2013-жылы Чеченстандын Грозный шаарында ага Шамиль, Ислам, Азиз жана дагы бир адам "мыйзамдагы ууру" статусун беришип, аны Кыргызстандын "смотрящийи" кылып дайындашканын билдирген.

2013-жылдын 15-ноябрь күнү кримчөйрөнүн өкүлү “Карышкыр” Орусиядан Бишкекке алып келинген. Анда Мурсалым Умырзаков Москва облусундагы кылмыштуу топтун бирин башкарып келгени айтылган. Ал 2015-жылдын 17-апрель күнү эркиндикке чыккан.

2015-жылдын 2-июль күнү Мурсалым Умырзаков жана Москва шаары боюнча “смотрящий” Мирлан Макаилов Орусиядан кармалышкан. Маалыматка караганда, 1-июнь күнү саат 18:20 чамасында Москвадан кармалышкан. Текшерүү учурунда Мурсалым Умырзаковдун жанынан 31,6 грамм маңзат табылган. Ал Орусияда бул кылмыш иши үчүн 3 жылга эркинен ажыратылып, Архангельск шаарындагы колонияда жазасын өтөгөн.

2018-жылдын июнь айында ал жазасын өтөп бүтүп, Кыргыз өлкөсүнө келген. Анда ИИМдин кызматкерлери ага профилактикалык иш-чараларды жүргүзүп, андан соң коё беришкен.

2018-жылдын 22-июнь күнү Аламүдүн районунда жайгашкан Мурсалым Умырзаковдун үйүнөн жалпы салмагы 17 грамм баңгизаты табылган. Ал шектүү катары СИЗО-1ге эки айга камакка алынган.

2021-жылдын 19-январында Мурсалым Умырзаков Бишкек шаарында кармалды. Анда ИИМ менен ЖАМКнын кызматкерлери биргеликте кармашкан.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалыматы боюнча ал "алдамчылык" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштө күбө катары суралууда. Ал ошол боюнча кармалган.

Ошондой эле 2018-жылы кармалган кылмыш иши боюнча жазасын 2020-жылдын күз айында №3 түзөтүү абагында өтөп бүткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
MAKALAK
2021-01-21 05:46:33
Омурунун жарымы турмодо отуптур го.Биринде козун жаап биринде ачып койгонунар эмнеси
+1
Raihan0602
2021-01-21 10:14:14
Буларды тукум курут кылып таштагыла коомго зыяндан башка нерсе алып келбейт
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан