Коңшу Өзбекстанда COVID-19га каршы калкты массалык түрдө эмдөөнү баштоо күнү белгилүү болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, коронавируска каршы күрөшүү боюнча штабдын мүчөсү Батыр Кадыров Өзбекстанда массалык эмдөө баштала турган күнүн жарыялады. Анын айтымында, Pfizer\BioNTech вакциналары Өзбекстанга бир айдын ичинде жеткирилет. Буга байланыштуу массалык эмдөө февраль айынын аягында башталары белгиленди.
"Эмдөө процесси бүтүндөй Өзбекстанды камтыйт. Бирок бул акырындык менен ишке ашат. Башкача айтканда, биринчи жолу АКШда иштелип чыккан 100 миң доза вакцинасы менен эмдөөнү баштоого буйрук берилген. Андан кийин башка лицензияланган вакциналар пайда болгондуктан аларды колдонууну чечтик", - деп түшүндүргөн Кадыров.
Буга чейин Өзбекстан PFizer/Biotech компаниясынан COVAX программасынын алкагында 100 миң доза вакцина
алынган. Андан 3 миң 400дөн ашуун өзбекстандыктар эмделген.
Борбор Азия өлкөлөрүнөн биринчи болуп Түркмөнстан "Sputnik V" вакцинасын каттоодон өткөргөндүгү жазылган. Ал ортодо Казакстанда коронавируска каршы калкты массалык түрдө эмдөө 1-февралда башталары белгиленген. Коңшу Тажикстанга Орусиядан коронавируска каршы вакцинанын миңден ашык дозасы жеткирилген. Бирок ал орусиялык аскер кызматкерлери үчүн берилген. Ал эми Кыргыз өлкөсү Pfizer вакцинасынан баш тарткандыгы тууралуу маалымдалган.