"Акылдуу унитаз, жаныбарлардын үнүн чыгарган жаздыкча". 2021-жылы ойлоп табылган таң калычтуу буюмдар

Жыл сайын өтүүчү CES (Тиричилик электроника шоусу) аталышындагы көрсөтмөдө бул жылы 14-январда онлайн форматта өттү. Анын арасынан кызыктуу, бирок адамга анча пайдасы деле тийбеген буюмдардын сүрөтүн орус басылмасы жарыялады.

Маалыматта көрсөтмөнүн демилгечилери ойлоп табуучулардан пандемияга байланыштуу буюмдарды күткөнүн, бирок COVID-19га каршы күрөшүү боюнча бир нече гаджетти эсепке албаганда көрсөтмө мурдагы жылдардын духунда өткөнү айтылат.

Акылдуу унитаз. "Toto" фирмасы тарабынан ойлонуп табылган "Wellness Toilet" деген аталыштагы унитаздарга мини-лаборатория түзмөгү кошулган. Девайс адамга аш сиңирүү боюнча балансты сактап калууга жардам берген азыктар жана туура эмес тамактанууда пайда болгон оорулар жөнүндө маалымат берип турат. Унитаз 675 доллардан 900 долларга чейин бааланган.

"Moflin" компаниясы чыгарган бир көргөндө чычканга окшогон кичинекей жаздыкча жалгыз жашаган адамдарга дос болуп берет. Ал адамдын сүйлөгөн сөзүн кабыл алып, өзүнүн сезимдерин кадимки жаныбарлардын үндөрү менен билдире алары маалымдалат.

Белгилүү "L'Oréal" фирмасы көрсөтмөгө өзүнүн "Perso" девайсын койгон. Ал ооз боёгуч менен тоналдык кремди аралаштырып берүүчү функцияга ээ. Аппарат тиркеменин жардамы менен иштейт. Анын натыйжасында айымдар өзүнө ылайыктуу келген идеалдуу түсүн таап алса болот. Perso'нун баасы 299 доллардан жогору башталат. Бирок "L'Oréal" фирмасындагылар айымдар косметикага мындан көп каражат кетирерин белгилешкен.

"ColdSnap" - балмуздак даярдоо үчүн аппарат. Аппарат кофе майдалоочу машинанын тибинде иштейт. Ага балмуздак үчүн керектүү болгон продуктылар салынат. Натыйжада даяр балмуздак чыгып калат. Бул албетте кызыгууну жаратат. Бирок аталган аппараттын баасы өтө кымбат экени белгиленет. Анын баасы 1000 долларды түзөт. Ал эми салмагы 23 килограмм турат.

MyQ Pet Portal - үй жаныбарлары үчүн автономдук эшикче. Ал жаныбарга тагылган датчик каргысы менен кошо сатылат жана эшикчеси кадимки эшиктин ылдыйкы бөлүгүнө орнотулат. Бул фирманын каргысын тагынган жаныбай эшикке жакындагында ал өзү эле ачылып калат. Ойлоп табуучулар муну менен үй жаныбарлары ээси жок болуп калган учурда өз алдынча эшикке чыгып келгенге мүмкүнчүлук аларын белгилешкен. Көргөзмөнүн катышуучуларында жаныбар тагынып жүргөн каргы уурулардын колуна тийип калса, бирөөнүн үйүнө оңой кирүүгө мүмкүнчүлүк жаралбайбы деген суроо туулган. Бул девайстын баасы 3 миң доллар турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан