Кыргызстанда 7-октябрь күнү саат 02:20да күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Нарын облусундагы Жаман-Тоо аймагында орун алды. Орто-Сырт айылында 3 балл, Кара-Булак жана Ак-Чий айылдарында 2,5 балл жана Баетовдо 2 балл болду. Жабыркагандар жана кыйроолор жок.