
АКШнын кызматтан кетип жаткан президенти Дональд Трамп бийликтин демократ Жо Байденге өткөнүн расмий түрдө тааныды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ал бүгүн, 20-январда мамлекет башчысы катары коштошуу сөзүндө айтты. Анын айтымында, ал АКШда дүйнөлүк тарыхтагы эң чоң экономиканы курган.
Ошол эле учурда ал АКШнын катышуусу менен эч кандай жаңы согуштарды баштабагандыгына сыймыктанарын билдирген.
"Жакынкы Чыгыш жаңы доордун босогосунда турат, биз болсо аскерлерибизди үйгө алып кетебиз" - деп аяктаган сөзүн Трамп.