"Президенттин эч кандай тиешеси жок". Путиндин хан сарайы делген видео боюнча анын басма сөз катчысы үн катты

Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын "Президент Владимир Путиндин хан сарайы" деп аталган жаңы иликтөөсү чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, Песков аталган иликтөөнүн даярдалып жатканын бир нече жыл мурун эле билгенин айткан.

"Навальныйдын псевдо иликтөөсү даярдалып жатканын, мамлекет башчысына карата маалыматтык чабуул болорун көптөн бери айтып келебиз. Мындай аракеттер болуп келген жана тилекке каршы боло берет. Президенттин бардык мүлктөрү жыл сайын жарыяланып турган декларацияда толук көрсөтүлгөн. Видеодогу хан сарайга Путиндин эч кандай тиешеси жок", - деп билдирген Песков.

Айта кетсек, 17-январь күнү Орусиянын Федералдык кызматы тарабынан изделип жаткан Навальный Германиядан Орусияга кайтып келгенде аэропортто кармалган. Ал тарабынан даярдалган иликтөө 19-январда интернетке жүктөлүп, учурда 22 миллиондон ашык көрүүчү топтой алды.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан