Чеченстанда көмүскөдө жүргөн бандалык топтун алты мүчөсү өлтүрүлдү

Чеченстанда бандалык топтун алты мүчөсү жок кылынды. Бул тууралуу Чеченстан Республикасынын башчысы Рамзан Кадыров билдиргенин аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Кадыровдун айтымында, атайын операция өткөрүү иши тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин кабардар болгон жана өзү жеке түзөтүүлөрдү киргизген.

"Ички иштер министрлигинин Чеченстан Республикасынын биринчи президенти, Орусиянын баатыры Ахмат-Хаджи Кадыров атындагы атайын даярдыктагы полкунун аскерлери Катар-Юрт конушунун айланасында атайын операцияны ийгиликтүү өткөрүштү. Жыйынтыгында федералдык издөөдөгү Аслан Бютукаев жана анын бандасындагы 5 киши жок кылынды", - деп жазган Кадыров.

Рамзан Кадыровдун айтымында, атайын операция бир топ убакыт мурун пландалып, ага жеке өзү катышкан. Буга чейин бандиттик топ күзөтүүлөрдөн жана туткундоолордон бир нече жолу кутулуп кеткен. Бирок бул жолу алар кутулуп кете алышкан жок. Топтун 6 мүчөсү тең операция учурунда жок кылынып, алардын аты-жөнү аныкталгандыгы жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Arsi9798
2021-01-21 17:26:48
Базар жок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан