Интернетке жүрүп бара жаткан унаага чиркелген 20дан ашуун адамдын чана тээп бара жаткан видеосу жарыяланды.
Коомчулуктун кызуу талкуусун жараткан тасма кайсы жерде тартылгандыгы айтылган эмес. Айрым колдонуучулар айылдардын биринде тартылган болушу мүмкүн деп жазышууда.
Аталган тасманын алдына күлкүлүү пикирлерин жазгандар арбын. Кээ бирлер "Билет баасы канча экен?", "Кайсы айыл, биз дагы баралы", "Акыркы чанага эч ким билет албай калган окшойт", "Маанайымды көтөрдү" деген өңдүү пикирлерди калтырышкан.