Бүгүн, 20-январда ырчы Нурлан Насип тойканасынын салтанаттуу ачылышын өткөрдү.
Толкунданып турган ырчы мырза сезимдери менен бөлүшүп, буларга токтолду: "Жамаатты чогултуп иштеп баштаганыбызга 1 айга чукулдап калды. Бул убакыт ичи жамаат менен иштешип көрдүк. Буюрса, акырындан көнүшүп, иштешип жатабыз. Бардык нерсени каалоо, кызыгуу болсо алып кетсе болот экен. Эмгек кылсаң бардык нерсеге жетесиң, ошондуктан кыялдарыбызды ишке ашыруу максатында көптөн бери аракет кылып жүргөнбүз. Бүгүн минтип ачылышын кылып жатабыз. Үй-бүлөм, жакындарым, баары колдоп-коштоп жатышат.
Чыгармачыл адам болгондуктан көпчүлүк кесиптештерибиз кечигип келип жатышат. Мынчалык көп адам болот деп ойлогон эмесмин, күткөндөн дагы көп келди. Эң негизгиси баары үчүн кубанычтамын", - деп билдирди ырчы мырза.