Орусиялык белгилүү ырчы Филипп Киркоровдун Литвага кирүүсүнө 5 жылга тыюу салынды

Орусиянын белгилүү ырчысы Филипп Киркоровдун Литвага кирүүсүнө 5 жылга тыюу салынды. Бул тууралуу Литванын ички иштер министри Агне Билотайтенин билдирүүсүнө таянып, орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Литва бийлигинин мындай чечимге келүүсүнө аталган ырчынын Орусия бийлигинин Крым жарым аралын каратып алуусун ачык колдоп чыкканы себеп болгон.

"Ал аталган аймакка койгон концерттеринде бир нече ирет жергиликтүү элди Орусияга кошулууга үндөгөн. Мындан улам ырчы "кара тизмеге" күмөнсүз кирүүчүлөрдүн катарын толуктаган. Ал эми Филипп Киркоров бул боюнча пикирин билдире элек", - деп жазылат маалыматтарда.

Белгилей кетсек, Литва бийлигинин мындай тыюу салуусу алгач ирет болуп жаткан жок. 2019-жылы да "орус империализминин жактоочулары" деген айып менен Григорий Лепстин өлкөгө кирүүсүнө таптакыр тыюу салынса, Иосиф Кобзон, Олег Газманов, Валериянын кирүүсүнө 5 жылга тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан