UFC уюмунун орусиялык мушкери, Хабиб Нурмагомедовдун иниси Умар Нурмагамедов Абу-Даби шаарында өткөн "UFC Fight Island 8" турниринде казакстандык мушкер Сергей Морозов менен кез келип, атаандашын муунтуу ыкмасы менен утуп алды.
Беттештин экинчи бөлүгүндө Умар Нурмагомедов атаандашын муунтуп, Морозов эс-учун жоготту. Бул беттеш Нурмагомедовдун UFC'деги алгачкы беттеши. Эң кызыгы, туура 9 жыл мурун, тагыраагы 2012-жылы дал ушул күнү Хабиб Нурмагомедов UFC уюмунда дебют жасап атаандашын муунтуу ыкмасы менен жеңген.
"Тогуз жыл мурун Хабиб UFC'деги алгачкы беттешинде дал ушундай ыкма менен жеңишке жеткен. Ушул ыкманы кайталап, атаандашымды утканыма кубанычтамын", - деген беттештен кийин Умар Нурмагомедов.
Муну менен Умар Нурмагомедов карьерасындагы 13-жеңишине жетти. Анын карамагында бир дагы жеңилүү жок.