Мадрид шаарындагы жарылуудан үч адам каза болду

Испаниянын борбору Мадрид шаарындагы жарылуудан үч адам каза болду. Дагы 11 адам жаракат алып, бирөө дайынсыз. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, Мадрид шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде газ баллон жарылып, 11 адам жаракат алган, алардын үчөө ооруканага жеткирилген. Жарылуудан үч адам каза болуп, дагы бир адам дайынсыз болууда.

"Испания өкмөтүнүн айтымында жарылуудан каза болгондордун бири көчөдө бараткан аял, дагы экөө имаратта болгон. Жарылуу болгон жерге жакын чиркөөнүн дин кызматкерлери жашаган имараттын төрт кабаты талкаланган. Урандылар тазалангандан кийин жабыркагандардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн", - деп жазылат маалыматта.

Учурда издөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан