КИНОЗАЛ: Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын "Ашык болуу" ыры саундтрек болгон "Зор" тасмасы SUPER.KG порталында

Казакстандык тасма жаратуучулар тарткан "Зор" кинотасмасын эми порталыбыздын "Кинозал" бөлүмүнөн көрө аласыз.

Тасмада колледжде окуп, аны менен катар спорт менен машыгып, кайрымдуулук менен алектенген жаштар тууралуу баяндалат. Фильмдин жүрүшүндө башкы каармандар Марлен менен Айдын бир кызды жактырып калып, анын айынан көптөгөн сыноолорду баштан кечиришет. Ал эми кыз кандай тандоо жасайт аны тасманын жүрүшүнөн көрүңүз.

Белгилей кетсек, аталган тасмада кыргыз ырчылары Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын аткаруусундагы "Ашык болуу" ыры саундтрек катары колдонулган.

Эркебулан Молдашов режиссёрлук кылган "Зор" тасмасын көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан