Ирактагы жардыруудан 30дан ашуун адам каза болду

21-январда Ирактын борбору Багдадда эки адам жардыруу жасап, 30дан ашуун адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Багдад шаарынын Таяран борбордук аянтына жакын жердеги эл көп топтолгон базарында эки террорчу өзүн-өзү жардырууга аракет кылган. Эки жолку жардыруудан 30дан ашуун адам каза болуп, 73 адам жаракат алды.

"Кол салуудан кийин шаардагы бардык медициналык мекемелер мобилизацияланып, коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Коопсуздук күчтөрү Багдаддын өкмөттүк мекемелери, элчиликтери жана эл аралык аэропорту жайгашкан "Жашыл зона" деп аталган аймакка алып баруучу жолдору да жабылды. Жардыруудан жабыркагандардын саны өсүшү мүмкүн", - деп жазылат маалыматта.

Иранда акыркы жолу жанкечтилик кол салуу 2018-жылдын январь айында болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан