Казакстанда соттолгон бала апасын түрмөдөн тапты. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, Тимур аттуу бала Актау шаарында уурулук менен колонияга түшкөн. Ал апасын 13 жашынан бери көрө электигин, апасын түрмөдө экендигин айтып, кызматкерлерден табууга жардам берүүсүн суранган. Мындан улам аталган жайдын кызматкерлери апасын табууга жардам беришкен. Кармалган жигиттин апасы Атырау облусундагы түрмөлөрдүн биринен табылган.
Тимур 13 жашында ата-энеси жаңжалдашып, атасы ичимдикке берилип кеткен. Мас болуп келип аялына кол көтөргөндө жубайы аны бычактап салган. Ушул окуядан соң бала интернатка жөнөтүлүп, апасы түрмөгө камалган. Балдар үйүнөн кеткенден кийин ал жакшы жумуш таба албай, уурулук менен алектенип жүрүп акыры түрмөгө түшкөн.
Апасынын кайда экендиги аныкталган соң, түрмөнүн кызматкерлери эне-балага видео байланыш түзүп берип, бири-бири менен сүйлөштүрүшкөн.
Мындай жагдайда адистер туугандары менен жакын байланышуу түрмөгө түшкөн адамдын кадимки жашоого кайтуусуна чоң түрткү болорун айтышат.