Бишкекте "уюлдук телефон уурдаган" деп шектелип 18 жаштагы кыз кармалды
Бишкекте 6-октябрда 53 жаштагы С.А. аттуу жарандын Нокиа 2700 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун Москва-Манас көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар уурдап кетишкен. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы маалымдады. Биринчи Май РИИБинин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде кылмышка шектелип Чүй облусунун 18 жаштагы тургуну К.Ф. аттуу кыз кармалды. Бул иш боюнча тергөө жүрүп жатат.