Орусияда атасын 300 рубль үчүн чайнек менен сабап өлтүргөнгө шектелген Кыргыз жаранына сот чечим чыгарды

Орусиянын Белгород аймагынын соту 36 жаштагы Кыргыз жаранына карата чечим чыгарды. Ал атасын өлтүрө сабаган деп айыпталып жаткан. Бул тууралуу аталган аймактын прокуратурасына таянып, орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бул окуя 2020-жылдын 23-ноябрында болгон.

"Анда Кыргыз жараны таанышы менен бирге эс алууга баруу үчүн алып койгон 300 рублун жоготуп алып, пенсионер атасынан көргөн. Жигит атасын тепкилеп, темир чайнек менен сабаган. 70 жаштагы жабырлануучу ооруканага жеткирилип, тилекке каршы, алган жаракатынан улам эсине келбей бир нече күндөн кийин каза болгон.

Сот аталган 36 жаштагы жаранды күнөөлүү деп таап, Орусиянын беренесине ылайык, 10 жылга эркинен ажыратты. Ал жазасын колонияда катаал режимде өтөйт", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Belek1710
2021-01-21 20:15:38
Айбан, өмүр бою эле бербептир да, атанын каргышы тийгир
+7
bond02
2021-01-21 20:30:29
Бир саат халтурага чыга койсо табат го 300 рубль.
+3
Jelezo
2021-01-21 23:39:25
Кыргыз жараны болгону менен орус бала болуш керек.
+1
JaneEr
2021-01-22 00:14:19
Улуту ким деги?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан