Германиянын канцлери Ангела Меркель орус бийлигин оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды бошотууга чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Канцлердин айтымында, немис өкмөтү мындай кадамды туура деп эсептейт.
"Албетте, мен Навальный мырзаны тезинен бошотууга чакырам. Абдан тезинен", - деп билдирген ал.
Белгилей кетсек, Алексей Навальный 17-январь күнү Берлинден Москвага учуп келери менен "Шереметьево" аэропортунда кармалган. Ал баш коргоо чарасы аныкталганга чейин камакта калары маалым болуп, 30 күнгө камакка алынган. Учурда оппозиционер Москвадагы "Мастросская тишина" аттуу тергөө абагында кармалып турат.
Алексей Навальный 20-августта Томск-Москва багыты боюнча учуп бара жатып, өзүн жаман сезгендиктен учак Омск шаарына конуп, ал ооруканага жаткырылган. Кийин анын абалы начар болуп кеткендиктен Германияга которулуп, дарыгерлер уулангандыгын аныкташкан. Учурунда ооруканага Ангела Меркель барып көрүп, колдоосун билдирген болчу.