Орусияда 8 аскерди атып салган жоокер 24 жылдан ашык убакытка эркинен ажыратылды

Орусиянын Чита шаарындагы аскердик сот 2019-жылы аскердик бөлүктө 8 кызматташын атып салган жоокер Рамил Шамсутдиновду 24 жыл 5 айга күчөтүлгөн режимге түрмөгө кести. Өкүм бүгүн, 21-январда чыкканын орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, сот каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына 1,3 миллион рублдан 1,5 миллион рублга чейин, мындан сырткары дагы 1,2 миллион рубль өндүрүп берүүнү дайындады.

"Катардагы жоокер Рамил Шамсутдинов 2019-жылдын октябрь айында "Забайкальедеги" аскердик бөлүктө сегиз аскерди атып салган. Каза болгондордун ичинде эки офицер да болгон. Ал эми кылган иши боюнча Рамил Шамсутдинов сот отурумунда кызматташтары аны бир канча күн бою уктатпай кыйнашканын айткан. Каргашалуу окуя болгон күнү аябай уйкусу келгенин, ок аткан маалда, кийин кармалганда да окуяны жакшы түшүнө албай турганын билдирген.

Орусиянын Коргоо министрлиги жоокер ур-токмоктун айынан мындай кадамга барды деген дооматты жокко чыгарган. Шамсутдиновдун атасы аскер жетекчилери армиядагы зомбулук көрүнүшүн жашырып жатат деп айыптаган", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kari
2021-01-22 00:53:24
Ким не десе дей берсин,бирок чындап жанын кыйналганда козуно эч нерсе корунбой калышы анык.Тажжап кеткенде акылынды башкара албай каласын.
+11
KAYRATBEK
2021-01-22 01:38:11
Олгон жоокерлер ошого жеткизген. Шамилди кантип кыйнаганы интернетте журот. Туалетке башын тыгып туалеттин суусун ичиришкен. Сот адилеттуу отподу. Себеби Шамил мусулман ошого ото коп убакыт берип койду.
+15
arimaz89
2021-01-22 05:16:42
Сот адилет болбоптур. Видеосу жарыяланса да "алдап жатат" деп жүн баштар өзүлөрү алдаптыр
+9
Asmat84
2021-01-22 11:36:32
Негизи жүнбаштардын колунан жакшылык келбейт дайыма эле бөлөк улуттарды жамандап келет
+4
Jibakana
2021-01-22 11:49:11
Ушу жакшынакай баланы кормом журогум ооруйт жалко....бул да атайн олтуройун деген жок го тигиледин да куноосун эсен алса болмок да
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан