реклама
super.kg logo

Студенттер менен мугалимдерди эки жээкке бөлгөн жетекчилик кызмат. Самара Каримованын директор болушун колдогондор жана колдобогондор

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова директор болуп дайындалган Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайынын кызматкерлери жаңы жетекчиге каршы акцияга чыгышкан. Ага улай эле ырчы колдоо көрсөтүп жаткан биринчи курстун стденттеринин видеосун социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган. Анда студенттер окуу жайда көптөгөн шарттар жок экенин, алар жаңы директорду колдой турганын, ал жакшы шарттарды түзүп берерин айтышат.

Кийинчерээк, музыкалык окуу жайдын жатаканасында жашаган студенттер да чогулушуп, өздөрүнүн пикирлерин айтып чыгышты. Алар директорлук кызмат окуубузга таасирин тийгизбеши керек дешет. Ошондой эле студенттер тигил же бул адам директор болсун деп тандабай турганын, эң башкысы билим алсак деген ниетин билдиришти.

Жаралып жаткан нааразычылыктардан кийин Самара Каримова социалдык тармактагы баракчасына дагы бир видео жүктөдү. Анда фортепиано бөлүмүндө иштей турганын айтып, өзүн Айнура Жакыпова деп тааныштырган мугалим мыйзамды колдоорун, жаңы директордун кызматка келишин мыйзамдуу деп эсептейт. Ал айрым кесиптештерине кайрылып, мыйзамды бузбоого чакырганын айтат.

Самара Каримова 2018-жылы Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына жетекчи болуп дайындалып, 1 күндөн кийин кызматтан алынган. Аны кызматка дайындоо боюнча буйрук жокко чыгарылганын ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов айткан. Мындан улам ырчы аброюмду, адамдык укугумду тебелеп жумуштан алган деп, Биринчи Май райондук сотуна кайрылып, утуп алганы маалым болгон.

Кийинчерээк, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Биринчи Май райондук сотунун чечимине карата апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Апелляциялык даттануу түшкөндүгүнө байланыштуу, Биринчи Май райондук сотунун чечими мыйзамдуу күчүнө кире элек. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматы тарабынан белгилүү болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
22.01.2021. 10:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
10-05-2017
Соӊку аракети:
22-06-2021 01:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жер жузу
+8
Бойдок никеси жок кыздар менин уйумо келип олтуруп алгылачы. Самарадай жоксунарбы? Бирок Казан аяк университетинде сырттан окушунар керек.
22.01.2021. 10:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
28-09-2020
Соӊку аракети:
08-06-2021 03:52
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кызмат учун Асан менен Самарадан бардык жамандыкты кутсо болот экен.
22.01.2021. 11:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
258
Катталган:
15-05-2020
Соӊку аракети:
15-05-2021 12:59
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакыпованы коркутуп эле суйлоткондой го кебетесинен
22.01.2021. 12:01 
Тайпасы:
Аким
Комментарийлердин саны:
65
Катталган:
22-03-2013
Соӊку аракети:
27-01-2021 03:07
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Атамдын айылы
+8
Жогору жактагы жетекчилер,алкымыңардан байлангансыңар!Жечүңөрдү жеп алып,бир эрке токолду тыя албай отурасыңар.Уят,уят!
mega777 түзөттү 2021-01-22 12:02:41
22.01.2021. 12:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
103
Катталган:
19-09-2020
Соӊку аракети:
21-06-2021 19:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушул шуркуянын чыры бутбой койду, Министер коп суйлобой аз суйлоп чечип койотурган иш
22.01.2021. 12:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
169
Катталган:
01-03-2018
Соӊку аракети:
21-06-2021 14:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
5студенттида озундой ойлоп жататго оной эле сатылыптыр пербаштар КанчаКанча конфет менен алданыптыр жалан Баткенскийлер имишго.Баарибир Самара болбойт болгон чакта да анын сыны кетти.Эми Оштуктар Самараны «карагыз» деп атап койсода болот.Тойго барып столго отургандай эле отуруп коюптурго.«Айген» пакетин толтурганы барганго музучилищага.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
170688;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: