АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байдендин инаугурациясында өзүнүн ырларын окуп берген жаш акын Аманда Горман аз убакыт ичинде жылдызга айланды.
Акындын ыр айтуусунан кийин анын социалдык тармактагы катталуучуларынын саны өскөн. Алсак анын Инстаграм баракчасында буга чеийн 206 миң катталуучу бар болсо, иш-чарадан кийин алардын саны 2 миллион 500 миңден ашкан, ал эми Твиттердеги 200 миң катталуучунун саны 1 миллион 200 миңге өскөн.
Мындан тышкары Гормандын Амазондогу сатыкта турган 2 китеби эң көп сатып алынган товарлардын сап башына чыккан.
Көпчүлүк колдонуучулар Аманданын кийип жүргөн кийимине да өзгөчө баа беришкен, анын үстүндөгү костюму "Prada" бренд экенин, ал эми колундагы шакеги да белгилүү брендге таандык экенин байкашкан.