"Тамакты өтө майда чайноо керек". Узак жашоонун эң жөнөкөй жолу аталды

Британиялык дарыгер Тим Лебенс жашоону узартуу үчүн туура тамактануу керектигин айтып, узак жашоонун негизги принциптерин атады. Анда дарыгер биринчи кезекте кантты колдонуудан баш тартуу керектигин белгилеген.

"Шекер - бул адамды үнсүз өлтүргөн эң негизги зыяндуу азык" деген дарыгер. Ошондой эле тузду өлчөмүнөн ашыра колдонууну азайтышыңыз керек. Лебенс белгилегендей, бойго жеткен адамга уруксат берилген эң жогорку доза алты граммды түзөт же тагыраагы ал бир чай кашыктан ашпашы керек.

Мындан тышкары жашылча-жемиш, жер-жемиштер менен көп тамактануу керек. Буурчак, жаңгак жана нокот организмге керектүү азыктарды, белокторду жана углеводдорду камтыйт.

Дарыгер билдиргендей, ар бир үй-бүлөнүн тамак рационунда аталган азыктар сөзсүз болушу талапка ылайык.

Мындан тышкары ал адам аз тамак жеши керек деп эсептейт. Айтымында, ашыкча тамак ашказанды керет жана адамды оорлоштурат, организмге пайдасы жок.

Бул үчүн дарыгер жай, акырын тамактанууну жана кичинекей тарелкаларды колдонууну сунуштайт. Ал адам тамакты өтө майда чайнап, шашпай жесе, тамак ашказанга бат сиңе турганын изилдеген.

Жыйынтыктап айтканда, дарыгер гидратациянын жогорку деңгээлин сактоо үчүн күнүнө эки литрден кем эмес суюктук ичүүнү сунуш кылат. Буга чейин да диетолог бир катар эрежелерди атаган, алардын ишке ашышы ден соолукту чыңдайт. Анын ичинде адам көк чайды көп ичиш керек деген эреже да бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан