Кытайда киргизилген чектөөлөргө баш ийбеген карыяны жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мамыга байлап койгон

Кытайдын Хэбэй провинциясында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү пандемиядан улам киргизилген чектөөлөргө баш ийбеген карыяны мамыга байлап коюшкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, аталган аймакта коронавирус илдети көбөйүп жаткандыктан жергиликтүү тургундарга көчөгө чыкпоо эскертүүсү берилген. Ошондой эле чектөө коюлганына карабай чыгып алгандарга катуу жаза көрүлөрү айтылган.

Хэбей провинциясында коронавирус инфекциясын жугузуп алгандардын саны бүгүнкү күндө 1 миң 231 адамды түзүп, алардын ичинен 395 киши илдетти жеңип чыккан. Ал эми көз жумгандардын саны 7 адам.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Taalaibek.
2021-01-22 18:21:31
Элестеткиле чиновниктерди ушинтип байлап койсок.
+2
Mastura90
2021-01-22 21:18:47
Байлап көрүү керек экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан