Ыза болгон Трамп Байдендин инаугурациясына келбей койду

АКШнын мурунку президенттери Джордж Буш жана Барак Обама Капитолийде өткөн президент Жо Байдендин инаугурациясына келишкен. Жергиликтүү маалымат булактары жазгандай, салтанатка мурдагы президенттикке талапкер Хиллари Клинтон да катышкан. Ошол эле учурда президенттик мөөнөтүн аяктап жаткан Дональд Трамп аялы Мелания менен инаугурацияга келип катышкан эмес. Буга чейин Дональд Трамп жана анын жубайы Мелания Ак үйдөн чыгып кетишкен. Кызматтан кетип жаткан Трамп тарапташтарына кандай жол менен болсо да, ордуна кайра кайтып келерин убада кылган.

Кечээ, 21-январда Вашингтондо АКШнын 46-президенти Жо Байден ант берип, жаңы шайланган өлкө башчынын инаугурациясы өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан