Орусияда полиция митингге чыгууга үндөгөн Алексей Навальныйдын тарапташтарын кармап жатышат

Орусия бийлиги Алексей Навальныйды колдоп митингге чыгууга даярданып жаткан тарапташтарын кармап жатат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Оппозиционер Алексей Навальный камакка алынган соң, анын тарапташтары орусиялыктарды 23-январда нааразычылык акциясына чыгууга үндөшкөн. Буга карата өлкө бийлиги жарандарды нааразычылык акциясына катышпоо үчүн ар кандай жолдор менен эскертишип, митингди уюштуруучуларды кармап жатышкандыгы жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Алексей Навальный 17-январь күнү Берлинден Москвага учуп келери менен "Шереметьево" аэропортунан кармалган. Ал баш коргоо чарасы аныкталганга чейин камакта калары маалым болуп, 30 күнгө камакка алынган. Учурда оппозиционер Москвадагы "Мастросская тишина" аттуу тергөө абагында кармалып турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан