Кечээ борбор шаарыбыз Бишкекте өлкөгө президент болуп жаңы шайланган Садыр Жапаровдун алдыда өтө турчу инаугурациясына даярдык деп жолдор жабылып, унаа тыгындары пайда болду.
Социалдык тармактын колдонуучулары өзүнүн баракчаларына видеолорду жүктөп, жол тыгынынын айынан алар көздөгөн жерлерине жетпей жатышкандыктарын айтып, нааразычылыктарын жазышты. Буга катар эле аталган иш-чарага 10 миллион сом сарптала турганы айтылды. Бул маалыматты да коомчулук ар кандай кабыл алды.
Ал арада мындан бир ай мурун Молдованын 5-президенти болуп шайланган Майя Сандуну эскерип кетишти. Бул өлкөнүн президенти өзүнүн инаугурациясына жөө келгени менен көпчүлүктүн эсинде калган.
Коомдо болгон кызуу талкуулардан көп өтпөй өлкө башчысы болуп шайланган Садыр Жапаров инаугурация күнү жолдорду жабууга жана аталган иш-чарага 10 миллион сом коротууга тыюу салды.