"Ийгиликтүү эркектин аркасында акылдуу аял турат" деген фразанын негизинде бул жолу АКШнын 46-президенти, 78 жаштагы Жо Байдендин жубайы 69 жаштагы Жилл Трейси Байден тууралуу баяндайбыз.
Мектеп мугалиминен АКШнын биринчи айымына айланган Жилл Трейси Байден 1951-жылы Нью-Жерси штатындагы Хаммонтон шаарында көп балалуу үй-бүлөдө төрөлгөн. Бала кезинен ар дайым өзүнүн карьерасын түптөөнү кыялданган Жилл 15 жашынан баштап официант болуп иштеп баштаган.
Мектепти аяктаган соң Делавэр университетинин англис тили бөлүмүнө тапшырган. 19 жашында мурдагы футболчу Билл Стивенсон менен баш кошуп, бирок жуптар 1974-жылы ажырашып кетишкен. Бир жылдан соң Жиллди колледждеги досу Фрэнк Байден аны агасы Жо менен тааныштырат.
Жо Байден Жиллден 9 жашка улуу болгон. Алар жаңы таанышканда Жо карьерасын түптөп калган чагы болсо, Жилл жогорку окуу жайда студент эле. Жо Байден Жиллге жоолукканга чейин 4 жыл мурда аялы менен 1 жашар кызын автокырсыктан жоготуп, эки уулу менен жалгыз калган болчу.
Жилл басылмалардын бирине берген маегинде Жо Байден аны биринчи жолу киного чакырганын андан соң үйүнө жеткирип келгенин айтып, "Үйгө кирерим менен апама телефон чалып, "Мен акыры кыялымдагы мырзаны жоолуктурдум",- деп айткан.
Жо Байден Жиллдин колун беш жолу сураган. Кыз бешинчи жолкусунда гана макулдугун берип, жубайлар 1977-жылы Нью-Йоркто баш кошушкан.Үйлөнүү салтанатына Байдендин эки уулу Бо менен Хантер гана катышкан. "Жаңы жашоону ошентип төртөөбүз тосуп алдык" деп жазган Байден өзүнүн китебине.
Жубайлар 1981-жылы Эшли аттуу кыздуу болушкан.
Жилл карьерасын Вилмингтон шаарында мугалимдин жардамчысы болуп баштап, андан кийин Уилмингтон шаарындагы мектепте англис тилинен сабак берип иштеген. Ошол эле учурда ал Байдендин сенаттагы кеңсесинде да эмгектенген.
Мындан сырткары Жилл 5 жыл психикалык оорулуулар ооруканасында сабак берген. Жилл "Мен алардын жашоосун өзгөртө аларымды сезем. Ошондой эле бул жердегилердин баарын жакшы көрөм, алардын жанында өзүмдү болуп көрбөгөндөй комфортто сезем",- деп айткан.
Жилл Американын тарыхындагы жумушу менен өлкөнүн экинчи айымы ролун бирдей алып кете алган биринчи аял болгон. Байден Барак Обаманын тушунда вице-президент болгон учурда да, Жилл мугалимдик жумушун таштаган эмес. Ал Вашингтондогу колледжде сабак берип иштеген.
Ошондой эле Жилл Байден кайрымдуулук иштери менен да байма-бай алектенип турат. Айрыкча рак менен күрөшкөн уюмдар менен 2015-жылдан бери тыгыз байланышып, аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө жардам берип келет. Анын себеби 2015-жылы үй-бүлөнүн эң чоң уулу Бо Байден 46 жашында рак илдетинен көз жумган. Ал аскер кызматкери болгон.