Индонезиянын "Sriwijaya Air" авиакомпаниясына таандык Boeing 737-500 учагынын Ява деңизине кулашына кыймылдаткычтын башкаруу тутумунун иштебей калышы жана экипаждын аны оңдоо аракети себеп болушу мүмкүн. Бул тууралуу кырсыкты изилдөө тобуна таянуу менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, учак абага көтөрүлгөндө эки кыймылдаткычтын биринин учуу параметрлерин көзөмөлдөгөн автоматы иштебей калган. Системаны өчүрүүнүн ордуна, экипаж учактын башкарылышын татаалдаштырышы мүмкүн болгон, иштөө мүмкүнчүлүгүн калыбына келтирүүгө аракет кылган.
Белгиленгендей, Boeing 737-500 учактары бир кыймылдаткыч менен коопсуз учуп кете алат жана учкучтар мындай кырдаалда иш алып барууга атайын үйрөтүлөт.
9-январда "Sriwijaya Air" авиакомпаниясына таандык болгон Boeing 737-500 учагы Жакарта аэропортунан учуп чыккандан бир нече мүнөттөн кийин байланыш үзүлгөн. Көп өтпөй учактын Лаки аралына жакын жерде сууга кулап түшкөндүгү белгилүү болгон. Учакта 65 адам болгон жана анын 12си экипаждар. Лаки менен Ланканг аралдарынын ортосундагы деңизден дененин бөлүктөрү жана металл калдыктары табылган.