Москвада пенсионерди өлтүргөнгө шектелип, аны караган жардамчысы кармалды. Бул тууралуу Москвадагы тергөө комитети билдиргенин орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 20-январда Москвадагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен улгайган аялдын жансыз денеси табылган.
"Анын моюнунан бычак издери табылып, зордук-зомбулук менен каза болгону аныкталды. Изилдөө иштеринин жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү катары 31 жаштагы аны караган аял кармалды.
Тергөө иштеринин натыйжасында ал күнөөсүн моюнуна алган. Ошондой эле пенсионерди кокустан өлтүрүп алганын айткан.
Жакынкы убакытта сотто шектүүнүн жаза алуу мөөнөтү тууралуу чечим чыгат. Анын психикалык абалын текшерүү үчүн экспертиза жүргүзүлөт", - деп жазылат маалыматта.