
Австралиянын Сидней шаарынын чет жакасында жайгашкан Вулли Крик шаарында Кытайдан барган студент жети ай комада жатып, ойгонгондон кийин сүйлөшкөн кызын өлтүргөн деп айыпталууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 21 жаштагы Вэйцзе Хе жана анын сүйлөшкөн кызы 19 жаштагы Лицюн Пань Кытайдан Австралияга окуу үчүн келишкен. Кыз-жигиттин сүйүү мамилеси эки жылга созулган. Пан англис тили мектебинде окуган. 2020-жылдын июнь айында Вэйцзе Хе сүйүктүүсү экөө жашаган төртүнчү кабаттагы батирдин балконунан кулап, башынан оор жаракат алып, комага түшүп калган. Ал эми ошол күндүн эртеси полиция кызматкерлери бөлмөдөн анын сүйүктүүсү Пандын жансыз денесин табышкан.
Пандын сөөгү Сиднейдин чет жакасына коюлган. Мамлекеттик чек аралар коронавируска байланыштуу жабык болгондуктан, тилекке каршы, кыздын үй-бүлөсү тажыяга катыша алган эмес.