Быйыл Японияда өтө турчу "Токио-2020" жайкы олимпиада оюндары коронавирустан улам токтотулат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Япон өкмөтүнүн баш катчысынын орун басары Манабу Сакаи чет элдик басылмаларга билдирген.
"Мен бул имишти таптакыр жокко чыгаргым келет. Анткени бул чындыкка дал келбейт", - деген Сакаи.
Алгач Токиодогу жайкы олимпиада оюндары 2020-жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин өтүшү керек болчу. Бирок коронавирус пандемиясынан улам мелдеш бир жылга жылдырылып, эми 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өткөрүлүшү керек. Ошол эле учурда олимпиада быйыл өтсө дагы "Токио-2020" аталышын сактап калат.