Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен соттошуп утуп алган. Биринчи Май райондук сотунун чечиминен кийин ырчы Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайга директор болуп дайындалган. Бирок эмгек жамааттын каршылыгынан улам Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Биринчи Май райондук сотунун чечимине карата апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган.
Маалым болгондой, министрликтин Биринчи Май райондук сотунун чечимине карата даттануу арызын кароо 3-февраль күнү саат 14:00гө белгиленди. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматынан кабарлашты.
Эске сала кетсек, Самара Каримова 2018-жылы Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына жетекчи болуп дайындалып, 1 күндөн кийин кызматтан алынган. Аны кызматка дайындоо боюнча буйрук жокко чыгарылганын ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов айткан. Мындан улам ырчы аброюмду, адамдык укугумду тебелеп жумуштан алган деп, Биринчи Май райондук сотуна кайрылып, утуп алганы маалым болгон.
Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министрлиги апелляциялык даттануу менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган.
Бүгүн, 22-январда окуу жайдын эмгек жамаатынын нааразычылыктарынан улам Самара Каримова жетекчилик кызматтан баш тартарын билдирди.