Орусияда учуучу такси сыноодон өтүүдө

Орусиянын Москва шаарында учуучу такси сыноодон өтүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазышууда.

Белгилүү болгондой, 2 жүргүнчүгө ылайыкталган учуучу аппаратты иштеп чыгуу иштери 2018-жылы башталган. Сыноо учуру качан аяктаары жана аэротакси качан жүргүнчүлөрдү ташып баштай турганы азырынча белгисиз.

300 килограммга чейинки салмакты көтөрүүгө ыңгайлашкан дрон 150 метрге чейин көтөрүлө алат. Электр кыймылдаткыч орнотулуп, 1 жолу кубаттандыргандан кийин учуу аралыгы 100 чакырымга чейин жетет. Орусиялык компаниянын мындай аппараты учуп-конуу үчүн атайын аянтчаны талап кылбайт. Учууга жана конууга кадимки автоунаа ээлегенчелик аянтча жетиштүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
nazarnew
2021-01-23 08:02:19
Эми пробка проблемасы жоголот экен да
+7
Sabyr_Baymatov
2021-01-23 08:58:12
nazarnew,Асманда болот пробка
+5
Petrovka
2021-01-23 09:30:34
Мигрант таксисттерге жумуш жок калабы ошондо
+6
marat-ju
2021-01-23 09:39:53
Кымбат болот да жол акысы. Акчасы көп адамдар гана түшөт болуш керек
+5
chyi-talaa
2021-01-23 10:28:58
Анысын да коро жатарбыз.
+4
bond02
2021-01-23 10:39:51
Бул нерсе ишке ашып жакшы иштеп кетет деп эч ким гарантия бере албайт.
+6
kg627
2021-01-23 10:44:15
Асманда ишке каттап,калат экенбизда бопкететет окшойбуз
+4
Belek1710
2021-01-23 10:50:24
Асманда ташып калат экенбиз да МАДИ жок, путевойсуз.
+5
Tursunbaev1978
2021-01-24 18:02:40
Belek1710,Асманга да жетет МАДИ
0
Kari
2021-01-23 11:41:30
Балконду бошотуп коеюн.Остановка болот.800 чакырымга жете турганын ойлоп таап,Кыргызстанга алып кетебиз окшойт.Баткен Бишкек каттамына.
+2
Neizvestno777
2021-01-23 14:18:22
Черная молния деген кино эми кадимки эле жашоодо болот экен да
+1
Spb
2021-01-23 16:39:58
Тез тез чыгарсынчы ушул машинаны ато пробка дегенде еле мурдун тырыша тушот кечкисин тан ертен пробка тажатып ийет
+1
Argen-Aruuke
2021-01-23 17:04:32
Соонун
0
rysik79
2021-01-23 17:06:50
Түшуп кетип өлгөндөр көбөйөт
-1
Ashirbekalai
2021-01-23 17:08:40
Соонун бизгеда келет буйруса
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан