"Мен эркин кызмын". Орусиялык ырчы Ольга Бузова сүйүктүүсү менен эки башка жолго түшкөнүн жар салды

Орусиялык ырчы,теле алып баруучу Ольга Бузова сүйүктүүсү рэпер Давид Манукян менен эки башка жолго түшкөнүн жар салды. Бул тууралуу ырчы өзүнүн Инстаграм баракчасына жазды.

"Биз деген башка жок. Мен эркин кызмын. Ашыкча суроолор болбош үчүн мен муну жазууга мажбурмун. Себеби бул адам мага түшүнүксүз, коркунучтуу нерселерди жасап жатат. Мен суранам мага башка эч кандай суроо бербеңиздер. Менин азыр жашоомо жардам бериңиздер! Эжем инсульт менен алышууда, апам менен таенем Литвада рак менен күрөшүүдө. Мен азыр башымдан өткөрүп жаткандар бул эле эмес. Мен ага бактылуу мүнөттөр үчүн чексиз ыраазымын. Мен сүйдүм жана сүйөм. Бирок сүйүүмө болгон урматым үчүн аны айта албайм. Мен билем сиздер мени жакшы көрөсүздөр. Жардам бериңиздер! Ал жөнүндө жазгандарды эч нерсе айтпай туруп, кара тизмеге киргизем", - деп жазган Бузова.

Буга чейин ырчы Ольга Бузова менен Давид Манукян 8-январда үйлөнүп, үлпөт тою Мальдив аралында өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Mirzita81
2021-01-22 19:05:07
Анжеликанын курбусу Бул дагы
+16
moonlight97
2021-01-22 20:26:35
Mirzita81,
0
mirlanpiter
2021-01-22 21:16:31
(Эркин кыздар) булар бир эркекти эмес көөп эркектерди бактылуу кылгылары келет окшойт...
+9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан