"Вирус 3 миң адамга жуккан". Испанияда коронавируска чалдыккан миңдеген норкалар өлтүрүлөт

Испаниянын түндүгүндөгү фермалардын биринде коронавируска чалдыккан миңдеген норкалар өлтүрүлөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Испаниянын Галисия штатындагы жүн иштетүүчү фермадагы норка жаныбарлардын дээрлик 80 пайызынан коронавирус инфекциясы бар экендиги аныкталган. Вирус 3 миң адамга
жуккандыгы текшерүүнүн жыйынтыгында билинген. Бул абал тууралуу Испания бийлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна жана Еврокомиссияга кабарланары маалымдалды.

"Өткөн жылдын ноябрь айында Данияда коронавирустун жайылышына жол бербөө үчүн жүн иштетүүчү фермаларындагы норкалар жок кылынган. Себеби жаныбарлардан жуккан вирус адамдын дене табын көтөрүп, организмдин алсырашына алып келген инфекция табылган. Өлтүрүлгөн норка жаныбарлар көмүлгөн жерлерден көп өтпөй жер бетине көтөрүлүп чыккан. Бул жаныбарлардагы вирус денесинде газды пайда кылып, шишип, жер бетине түртүп чыгарган", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kombi
2021-01-24 01:45:35
Тообо эгер чын болсо вирус опурталдууго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан