Илон Маск 100 миллион долларлык сынак жарыялады

"Tesla" жана "SpaceХ" компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск көмүр кычкыл газынан көмүртекти бөлүп алуу, сактоо жана пайдалануу боюнча мыкты технология ойлоп тапкандарга 100 миллион долларлык сынак жарыялады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдиргенине таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Көмүртекти сактоонун мыкты технологиясы үчүн сыйлыкка 100 миллион доллар берип жатам", - деп жазылган маалыматта.

Ошондой эле мунун себептерин кийинчерээк айтарын кошумчалаган.

Көмүртекти сактоо жана пайдалануунун башкы максаты глобалдык жылуулукту турукташтыруу жана айлана-чөйрөнүн булганышынын алдын алуу болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
oopapa
2021-01-22 21:25:22
Менимче марста иштетет
+3
Janyl98
2021-01-22 23:47:25
Америка элинин ан сезими абдан алдыда. Бизге окшоп ушак менен алектенбейт. Эли абдан эркин жашашат. Каалган максатына жетесин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан