Японияда пандемия учурунда суициддин саны көбөйдү

Японияда суициддин саны акыркы 10 жылга салыштырмалуу рекорддук санда катталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Японияда пандемияга байланыштуу өзгөчө кырдаал киргизилгенден кийин суициддин саны көбөйө баштаган. Өткөн жылы өз жанына кол салгандардын саны коронавирустан каза болгондордун сандык көрсөткүчүнөн дагы жогору болгон. Коронавирустан жалпы 3 миң 460 адам каза болсо, өз жанын кыюу 20 миң 919ду түзгөн. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 3,7 пайызга көп экендигин билдирет.

Япония дүйнөдө эң көп суицид катталган өлкөлөрдүн бири. Алсак 2019-жылы өз өмүрүн кыйгандардын саны 19 миң 959ду түзгөн. Бул көрсөткүч 2018-жылга салыштырмалуу төрт пайызга аз деп эсептелет. Ал эми 2020-жылдагы суицид акыркы 40 жылдагы рекорддук көрсөткүчтү кайталады, тагыраагы, 1981-жылы 20 миң 434 суицид катталгандыгы жазылат маалыматта.





РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazira...
2021-01-24 12:47:53
Кудай сактаа, япондорду самый умный адамдар дечи элем.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан