Италиянын Неаполь булуңунун жээгинен ири киттин өлүгү табылды

Италиянын Сорренто шаарына жакын Неаполь булуңунан ири киттердин өлүгү табылды. Италиянын жээк күзөтү бул Жер Ортолук Деңизде табылган эң ири өлгөн киттердин бири деп ырастоодо. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Өлгөн киттердин биринин узундугу 23 метрге жетет. Кит Соррентодон Неаполго алып келинген. Деңиз биологдору деңиз жаныбарынын өлүмүнө эмне себеп болгонун иликтөөгө аракет кылышууда. Жээктеги күзөт кызматы аталган жерге чакырылганда ал жерден дагы бир кит табылган. Ал тирүү болгон жана ачык деңизге жашынган", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан