"Мыйзамсыз иштеп жаткан". Украинада карылар үйүндө чыккан өрттөн 15 адам каза болду (видео)

Кечээ, 21-январда Украинанын Харьков аймагындагы менчик карылар үйүндө өрт чыгып, 15 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен 11 адам жаракат алган.

"2 кабаттуу турак үйдө өрт чыкканы тууралуу билдирүү аталган аймактын куткаруу кызматкерлерине саат 16:00дө келип түшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, өрт имараттын экинчи кабатында чыккан. Эки сааттын ичинде өрт толугу менен өчүрүлгөн. Күйгөн аянт 100 чарчы метрди түзөт. Өрт улгайган адамдар баш калкалаган "Алтын убакыт" деген менчик интернатында болгон", - деп жазылат маалыматта.

Бийликтин маалыматына ылайык, аталган мекеме мыйзамсыз иштеп жаткан. “Бул мекеме эч кандай мамлекеттик, муниципалдык, аймактык же райондук реестрде катталган эмес. Бул адамдарды ким жана эмне үчүн бир жерге чогултканы белгисиз", - деп билдирген аталган аймактын администрациясынан Юрий Шпарага.

Ал эми Украинанын президенти Володимир Зеленский өкмөткө кырдаалды тезинен териштирип, кырсыктын келип чыгуу себептерин аныктоону тапшырды.

Украинада карылар үйүндө чыккан өрттөн 15 адам каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан