Дүкөнгө сабиз сатып алганы барган Британия жараны чоң суммадагы акча утуп алды

Британия жараны Мартин Гилби дүкөндөн сабиз сатып алганы барып чоң суммадагы акча утуп алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, Гилби өзүнүн сүйүктүүсүнө тамак жасап берүүнү чечип, бирок үйдө сабиз калбай калганынан дүкөнгө барат. Жанында накталай акчасы жок болгондуктан сабиздин акчасын банктык картасы менен төлөөнү чечет. Бирок кассир ага карта менен төлөө үчүн кеминде 3 фунт стрелингге (болжол менен 350 сом) товар сатып алуу керектигин айтып, сабизге кошумча лоторея билетин сатып алууну сунуштайт.

"Кечки тамактан кийин лоторея эсимден чыгып уктап калыптырмын. Эртең менен туруп утушумду текшерип көрөйүн деп телефонума атайын тиркемени көчүрүп алдым. Билеттеги маалыматтарды тиркемеге киргизип, 119 миң 151 фунт стерлинг (дээрлик 14 миллион сом) утуп алганымды билдим. Алгач ишенбей кайра-кайра текшерип көрдүм, жыйынтыгында чындап эле көп суммадагы акча утуп алыптырмын", - деп кубанычын журналисттер менен бөлүшкөн Гилби.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
interpol
2021-01-23 10:27:54
Менде ушундай утуштарды утуп алайын омииин
+6
al-abu-kinesz
2021-01-23 11:02:46
interpol, лотереянын акчасы адал эмес, кызыкпай эле койгула эл журт
+4
bond02
2021-01-23 12:32:07
al-abu-kinesz,берсе го алат элен ошончо акчаны, жок ушинтип жазып жатасын да.
+2
Tolik555
2021-01-23 12:33:21
al-abu-kinesz,товар сатып алсан,магазиндин эсебинен лотерея берсе адал эле болот.Чала молдо дин бузар боло бербегилечи.
+1
Baku0730
2021-01-23 16:38:44
Кой мен кеттим сабизге
+5
nazira...
2021-01-23 22:02:24
Биздикилер ошондой лоторея ойнотсо, оххоо. Ошондо да өзүнө караштуулврды уттурса керек.
0
SHUMA6891
2021-01-23 23:20:20
Сабиз алганы кеттим мен анда.
+1
Real_mir
2021-01-24 09:39:50
Базарда сабиз кымбаттап кетиптир
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан