Кечээ, 22-январда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жана Бишкек шаарына кар калың жаады. Ал эми азыркы тапта интернет желелерине ызгаар суук болуп, кар жааганына карабай, жарандардын чөк түшө калып намаз окуп жатканын чагылдырган сүрөттөр тарады.
Кээ бир колдонуучулар "бул жарандарды ушундай суукта кармап турган кайсы күч?" деп жазышкан. Ал эми сүрөттөр кечээ, 22-январь күнү жума намаз окулуп жаткан учурда тартылганы белгилүү болду. Азыркы тапта сүрөттөргө комментарий жазып, бөлүшкөндөр көп болуп жатат.
Сүрөттө көрүнүп тургандай, адамдар намаз окуп жатканда жайнамаздарын кар каптап, үстүңкү кийимдерине кар үймөктөшүп калган.
Окурман SUPER.KG порталына кабарлагандай, сүрөт Мамбет Мамакеев атындагы оорукананын жаныдагы мечитте тартылган. Айтымында, мечиттин ичине киши батпай калгандыктан, алар намазын сыртта уланткан.
Кечээ кар калың жааганына байланыштуу "Түндүк электр" ААКсында электр энергиянын өлкө аймагында авариялык өчүрүлүшү катталганы тууралуу да маалымдалды.